«Чакан жана орто бизнесте аялдын лидердиги» программасы Кыргызстанда иштеп баштады

11.07.2013

Эл аралык өнүгүү боюнча АКШнын Агенттиги (USAID) «Бай-Түшүм» банктык тобу жана ACDI/VOCA бирге «Чакан жана орто бизнесте аялдын лидердиги» (Women’s Leadership in Small and Medium Enterprise) 3 жылдык программасынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Программа, алардын бизнесин өстүрүү жана окуп-үйрөнүү жана техникалык жардам көрсөтүү аркылуу аялдар тарабынан башкарыла турган ишканалардын өсүшүн колдоо максатында ишкер-аялдар үчүн иштелип чыккан.

Текстиль жана тигүү өндүрүш тармагында, айыл-чарбалык сырьелорду кайра иштетүү, ошондой эле туристтик бизнесте иштеген, Кыргызстандын баардык областтарынан 750 ишкер-аялдар ушул программанын чегинде окуудан өтүшөт.

«Программа, натыйжалуу бизнес–коммуникацияларды түзүүдө, техникалык жардам алууда, ошондой эле: салык боюнча мыйзамдар, бизнес – план, бизнести башкаруу жана өнүктүрүү, стратегиялык менеджмент, персоналды жана маркетингди башкаруу сыяктуу өзөктүү маселелер боюнча ишкердик негиздерге карат билим алууга жетишүү үчүн Кыргызстандын ишкер-аялдарына реалдуу жардам көрсөтөт» деп белгиледи Гульнара Шамшиева, МФ «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ЖАКнын Башкы менеджери.

Бул программа, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШнын Агенттиги (USAID) аркылуу америка элинин колдоосунда иштетиле турган көптөгөн долбоорлордун бири болуп саналат. 1992-жылдан тартып Агенттик, саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономика жана демократиялык институттарды өнүктүрүү секторлорунда реформаларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтөт. USAID программалары жөнүндө кошумча маалыматты сиз www.usaid.gov сайтынан ала аласыз.

Программага катышуучулар үчүн төмөнкү критериялар каралды:

• жеке бизнесте 1 жылдан кем эмес иштеген ишкер-аялдар/жетекчилер/менеджер аялдар;

• жеке бизнес төмөнкү секторлордун биринен: тигүү өндүрүшү, туризм жана агролук кайра иштетүү боюнча болушу керек:;

• уюмда, үй-бүлө мүчөлөрүнөн (жубайлар, балдары, агалары, эжелери, жана ата-энелеринен) тышкары, эң аз дегенде бир жалданган жумушчусу болушу керек.

Программага катышуу үчүн орундун саны чектелүү.

Арыздын формасын Сиз бул жерде көчүрүп алсаңыз болот.

Баардык суроолор боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720017,

Чокморов көч., 240, 5 кабат

Tел.:+996 (770)874000,  (770) 964000 и  Call Center Банка «Бай-Тушум и Партнеры» +996 ( 312) 905 805

E-mail: aisulu.meimankanova@wlsme.kg , cholpon.asakeeva@wlsme.kginfo@wlsme.kg

www.wlsme.kgwww.facebook.com/wlsme.kyrgyzstan

Маалымат үчүн:

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» банктык тобуна «Бай-Түшүм» Финансы Фонду Микронасыялык агенттиги жана «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы Банкы ЖАКы кирет.

«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 14-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет. Кошумча маалымат www.baitushum.kg сайтында берилди.

ACDI/VOCA – бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча 145 өлкөлөрдө өзүнүн ишин жүргүзгөн, 1963-жылы түзүлгөн жеке коммерциялык эмес уюм, анын максаты, кирешелери төмөн деңгээлдеги жана демократия жолу менен өнүгүүчү өлкөлөрдө экономикалык өсүүнү, турмуштун сапатын жогорулатуу жана коомдун бакыбатчылыгын стимулдаштыруу болуп саналат.

ACDI/VOCA өзүнүн иш аракеттерин кооперативдик ишканалардын өнүгүшүнө жардам берүү менен баштаган. Ошондон бери бул уюм өзүнүн коомчулукка багыттуулугун сактап келет. Калктын кирешелерин көбөйтүү жана тамак-аш коопсуздугун жогорулатуу максатында, коомдун катардагы мүчөлөрү менен түз иш алып барууну улантуу менен, ошондой эле орчундуу масштабы жана кыйынчылыктын жогорку деңггэли менен айырмаланган, экономикалык өнүгүүнүн көп профилдүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт. ACDI/VOCA рыноктук экономика жана демократия жагына карата жылышына аларга жардам берүү менен жетекчилерге консультацияларды берет жана ал уюм ишкана болобу, финансылык институт болобу, кооперативдер же ассоциациялар болобу, баардык уюмдарга өзүнүн иштерин жана менчик каржылоосун башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Кошумча маалымат http://www.acdivoca.org сайтында берилди.