«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы өзүнүн кардарлары үчүн Ачык эшик Күнүн өткөрдү

31.05.2013

2013-жылдын 23-майында «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Ачык эшик Күнүн өткөрүү менен өзүнүн кардарларын Башкы кеңсесине чакырды.

Иш чаранын чегинде, Банктын жетекчилиги кардарларга, негизги банктык продукттар, ошондой эле жаңы кызматтар жана «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын кардарлары азыркы учурда колдоно ала турган мүмкүнчүлүктөр боюнча презентация берди.

««Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы кардарларга багытталган жана алардын ар бирине жекече мамиле жасоо менен алардын керектөөлөрүн канааттандырууга умтулат. Ачык эшик Күнү – кардарлар менен сүйлөшүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү, бул Банктын жаңы продукттары жана кызматтары жөнүндө гана айтууга эмес, өзүнүн кардарларын, алардын керектөөлөрүн, каалоолорун жана алардын кайсыга артыкчылык көрсөтүүлөрүн жакшылап билүүгө да мүмкүндүк берет – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева».

Презентациядан кийин меймандар аларды кызыктырган суроолорун беришти жана Банктын адистеринен консультацияларды алышты. Кардарлар ушундай формалдуу эмес абалда жолугушуу жана сүйлөшүүнүн ачык форматындагы жолугушууга абдан ыраазы болушту. Иш чаралардын аягында майрамдык фуршет уюштурулду. Бул күнү бир да кардар белексиз кеткен жок.

Ачык эшик Күндөрү Кыргызстандын баардык областтарында Банктын баардык бордордук кеңселеринде өткөрүлөт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тууралуу 
 «Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды.  12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады  тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.