“МобильникДеньги” капчыгында акча каражаттарын берүү маалымат алмашуу калыбына келгенден баштап берилет

02.02.2019

“Мобильник” компаниясынын “МобильникДеньги” электрондук капчыгы аркылуу төлөм жүргүзгөн кардарлардын акчасы “Бай Түшүм” банкынын эсебинде сакталуу.

“Мобильник” компаниясынын “МобильникДеньги” электрондук капчыгындагы акча калдыктары жөнүндө маалымат берүү боюнча техникалык катачылыктарынан улам, “Бай Түшүм” банкы кассаларынан акча берүүнү убактылуу токтоткон.

Азыркы кезде келип чыккан катачылыктарды жою үчүн “Мобильник” компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Акча каражаттарын берүү маалымат алмашуу калыбына келтирилгенден кийин кайра бериле баштайт. Болжолдуу бул аркы аптанын башында болушу мүмкүн.

“Бай Түшүм” банкы катачылыкты чечүү үчүн бардык аракеттерин кылат жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

https://economist.kg/2019/02/02/vydacha-denezhnyh-sredstv-na-koshelkah-mobilnikdengi-vozobnovitsya-posle-obmena-dannymi/?fbclid=IwAR35b2JBwz5yjnDUbyL3BhtSmIEjbSIzU7mJ16sveCsAEyr92IQCQdKU05I