«Visa Business: Төлө жана жең»: акциянын башкы байгесинин ээси аныкталды
20.08.2026
«Бай-Түшүм Банк» Visa менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймактарындагы Visa Business карталарынын ээлеринин арасында өткөн «Visa Business: Төлө жана жең» акциясынын жыйынтыгын чыгарат.
Акция үч этапта өттү:
- 1-этап: 2026-жылдын 11-майынан 10-июнуна чейин;
- 2-этап: 2026-жылдын 11-июнунан 10-июлуна чейин;
- 3-этап: 2026-жылдын 11-июлунан 10-августуна чейин.
Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча Visa Business картасы менен эң көп көлөмдө сатып алууларды жүргүзгөн жеңүүчүлөр аныкталып, алардын ар бири iPhone 17 Pro смартфонуна ээ болду.
Ал эми эми акциянын башкы байгесинин ээси — эки адамга Мальдив аралдарына жолдомонун жеңүүчүсүн жарыялайбыз!
🏆 Акциянын башкы жеңүүчүсү болуп ИП Айткулов Абай Сатымбекович табылды. Ал акциянын жалпы мөөнөтү ичинде Visa Business картасы менен накталай эмес төлөмдөрдүн эң чоң көлөмүн жүргүздү.
Жеңүүчүнү татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана унутулгус эс алуу, жаркын таасирлер жана жагымдуу саякат каалайбыз!
Акциянын бардык катышуучуларына активдүү катышканы жана бизге болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Жаңылыктарыбызга көз салып туруңуздар жана жаңы акцияларга катышыңыздар — алдыда дагы көптөгөн кызыктуу мүмкүнчүлүктөр бар!

