Виртуалдык карта – онлайн-шоппинг дүйнөсүндөгү ишенимдүү шерик!

19.11.2022

«Бай Түшүм» виртуалдык Visa картасы менен сиз өзүңүздүн негизги эсебиңиздеги акча каражаты жөнүндө кабатырланбастан интернеттен сатып алуулар үчүн төлөй аласыз.

⚡️BTB 24 тиркемесинде дал азыр виртуалдык карта ачыңыз. Карта бир нече мүнөт ичинде колдонууга даяр болот. Ага төлөм үчүн керектүү сумманы гана которуңуз, калган каражаттар сиздин негизги эсебиңизде калсын.

Мындай жол менен, эгерде сиз алдамчыларга туш болсоңуз, анда сиздин негизги каражаттарыңызга таасир этпейт.

Виртуалдык картанын жардамы менен сиз коммуналдык төлөмдөрдү, айып пулдарды жана башка кызматтарды мобилдик банкинг же BTB 24 тиркемеси аркылуу төлөй аласыз.

Интернеттен товарларды сатып алыңыз жана «Бай Түшүмдүн» виртуалдык Visa картасы менен кабатыр болбоңуз.

#btb #bankbaitushum