«Бай-Түшүм» Банкы Согуштун ардагерлерин жана тылдын эмгекчилерин Жеңиш Күнү менен куттуктады

08.05.2014

Улуу жеңишке арналган жанга жагымдуу, эскерүүлөргө жык толгон, шаттуу жана ошол эле учурда терең ойго салган эскерүү күнүн “Бай Түшүм” Банкы өлкөбүздөгү согуштун ветерандарына тартуулады. Бул чындыгында эле жакшы адамдар үчүн арналган татыктуу майрам болду.

– 9-май жөн гана майрам эмес. Бул күн биздин ачык асманыбызда дайыма тынчтык жана бейкуттук болсун үчүн өз өмүрлөрүн да аябаган адамдарды эскерүү Күнү. Эң өкүнүчтүүсү, жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары улам азайып бара жаткандыгы, ошондуктан бул өзгөчө маанилүү күнү биздин банк болушунча көбүрөөк ветерандарга көңүл бурууга, аларды колдоого жана жардам көрсөтүүгө дайыма мүмкүнчүлүк табат. Майрам күндөрү “Бай Түшүм” Банкынын филиалдары бүткүл Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акциясын өткөрүштү, анда 500 ветеранга 440 миң сом суммасында жардам көрсөтүлдү,- деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Жалпы майрамга келе алышпаган ветерандарды, фронтовиктерди жана ооруктун эмгекчилерин Банктын кызматкерлери аларды үйлөрүнө барып куттукташты.

– Акыркы 5 жылдын ичинде ветерандарды жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын куттуктоо үчүн биздин Банк 1,5 миллион сом бөлдү. Улуу майрамдын тарыхый мааниси жыл өткөн сайын тереңдеп бара жатат, ушул себептен биз бул адамдарды мындан ары да урматтоону уланта бермекчибиз, – деп айтты Гүлнара Жаманкуловна.

Банк жөнүндө:

«Бай -Түшүм» америкалык ACDI/VOCA эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын банктык толук лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болду. Банк 13 жылдык ишинде жалпы активи 132  миллион АКШ доллары көлөмүн түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири микрофинансы институттарынын бирине айланды. «Бай-Түшүм» Банкы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы эң ири жети банктын катарына кирет жана 32 миңден ашуун кардарларга кызмат көрсөтөт.