Өткөн жуманын дүйшөмбү күнү «Бай Түшүм» банкында Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы менен расмий жолугушуу болуп өттү

12.03.2019

Өткөн жуманын дүйшөмбү күнү «Бай Түшүм» банкынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Кристиан Жос баштаган Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы менен болгон расмий жолугушууга катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын экономикасындагы жана финансы секторундагы акыркы тренддер жана перспективалар, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган акча каражатын адалдоого каршы туруунун маселелери, банктын корреспонденттик мамилелери жана башка күн тартибине киргизилген маселелер талкууланды.