Өткөн дем алыш күндөрү шахмат жана стол тенниси боюнча Кыргызстандын банктарынын кубогу үчүн турнирлер өттү!⁣⁣

09.12.2021

Шахмат боюнча мелдеште каржы мекемелеринин 11 командасы кубок үчүн ат салышты. Турнирди ФИДЕнин калысы Сардарбек Нурдин уулу жетектеген калыстар тобу көрдү. «Бай Түшүм» банкы байгелүү эстептелген экинчи орунду алды!⁣⁣⠀

⁣⁣Ошондой эле стол тенниси боюнча турнирде «Бай Түшүм» банкы күмүш медалга ээ болду. Оюндарга каржы мекемелеринин 14 командасы жана 70тен ашык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.⁣⁣⠀

⁣⁣Стол теннисинин жеке мелдеш түрү боюнча «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев экинчи орунду, «Бай Түшүм» банкынын адиси Болот уулу Кубат үчүнчү орунду ээледи.⁣⁣⠀

⁣⁣Дем алыш күн жемиштүү жана активдүү болду Спорттук иш-чараларды уюштургандыгы үчүн Кыргызстан Банктар Союзуна, Кыргыз Республикасынын стол тенниси федерациясына жана Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясына ыраазычылык билдиребиз!⁣⁣⠀

⁣⁣⠀

#btb #bankbaitushum