Ушул ишемби күнү Банктын кызматкерлери Улуттук валютанын киргизилгендигинин 25 жылдыгына жана Кыргызстандын Конституция күнүнүн урматына карата КРУБ уюштурган жарышка катышышты

10.05.2018

Жарыш Ботаникалык бакта, жаш курактары боюнча 2 топто: аялдар жана эркектер арасында – 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан жогоркулар болуп, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн 100 метр аралык боюнча 4 катышуучу форматындагы эстафета катары болуп өттү. Эстафета мелдештердин арасындагы эң эле кызыктуусу болду. Спорттук иш-чарага КРУБнын, өлкөбүздүн 19 банкынын жана финансылык мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Аялдар арасындагы эстафетада түзүмүндө биздин кесиптешибиз – Акылай Асранова болгон  коммерциялык банктардын курама командасы жеңишке ээ болду.

Ушунтип биздин эс алуу күндөрүбүз абдан көңүлдүү өттү!