Улуттук валютанын 25 жылдыгын жана Банк кызматкерлеринин Күнүн майрамдоонун урматына Жалал-Абад жана Каракол филиалындагы биздин кесиптештерибиз Ардак Грамоталар, ыраазычылык каттар жана эстелик белектер менен сыйланышты

10.05.2018

Жалал-Абаддагы Барпы атындагы театрда өткөн салтанаттуу иш-чарада «Бай Түшүм» банкынын Жалал-Абад филиалындагы менеджери Виктория Николаевна Буравкинага облустун финансы секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Улуттук Банкынын ыразычылык каты тапшырылды

«Бай Түшүмдүн» Сузак сактык кассасынын кассири Наркан Канназаровна Алиевага эстелик банкнотун белекке беришти. Наркан Канназаровна – банк тармагында 25 жылдан ашуун иш тажрыйбага ээ болгон ветеран.☝

Жалал-Абад  шаарынын мериясы биздин банкка шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Кербендеги сактык кассасынын башчысы Руслан Аманкулович Жоробаевге райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Аксы районунун Акими Ардак Грамота тапшырды.

КРУБнын Ыссык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Улуттук валютанын 25 жылдыгына карата «Карагат» мейманканасында өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушта, Каракол шаарынын мэриясы «Бай Түшүм» банкынын Каракол филиалынын жамаатын  куттуктап, шаарды жашылдандыруу багытында 14-апрелде өткөрүлгөн ишембиликти уюштурууга жана ага активдүү катышкандыгы, ошондой эле 2017-2018- жылдарда Каракол шаарында өткөрүлгөн массалык маданий-спорттук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн ыразычылык катын тапшырды.

Мындан тышкары Каракол филиалынын менеджери Нурбек Сатыбалдиевич Сапарбаев облустун экономикасына кошкон салымы үчүн Каракол мериясынын ардак Грамотасы менен сыйланды.

Биздин кесиптештерибизди сыйлыктары менен куттуктайбыз! Профессионалдык жаңы бийиктиктерге жетүүлөрүн каалайбыз!