Нооруз майрамынын урматына, «Бай Түшүм» банкы 21-мартка чейин банктын ар бир кардарына Visa Classic картасын белекке берет

11.03.2019

23-февралга жана 8-мартка карата арналган майрамдык акция аяктады бирок, бир жылдык акысыз тейлөөсү менен берилүүчү сиз самаган Visa Classic  картасын алууга жетишпей калгандар бар.

Ушул байланыштуу эч кимдин көңүлү чөкпөсүн деген максат менен биз жаңы акцияны чыгарып жатабыз!

Жаркыраган жаздын жагымдуу майрамы – Нооруздун урматына 11-марттан 20-мартка чейин биз ар бир кардарыбызга Visa Classic  картасын белекке беребиз.

Белекти алуу үчүн «Бай Түшүм» банкынын кеңселеринин бирине паспортуңуз менен  келиңиз, картаны каттоодон өткөрүүгө биздин адистер жардам беришет.

Бул акциянын алкагында картаны каттоодон өткөрүү учурунда төмөндөбөгөн калдык салуу талап кылынбайт. ?

Шашылыңыздар! Бир жылдык акысыз тейлөөсү менен берилүүчү Visa Classic  картасы Сизди күтүүдө!