Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата “Мозгобойня-QUIZ” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

15.05.2023

Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата ЖАК “МПЦ” @elkart_paycard тарабынан 12-майда Park Hotel’де “Мозгобойня-QUIZ” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Иш-чарага 15 коммерциялык банктын жана «БАПР» ЖАКтын командасы катышып, өздөрүнүн эрудициясын жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Оюн ар кандай темадагы 7 суроодон турган 7 турдан туруп, анын бир туру кыргыз сомуна, каржы жана дүйнөлүк валюталарга арналды.

🙌Оюндун жыйынтыгы боюнча «Бай Түшүм» командасы экинчи орунду ээледи. Кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!

#btb #bankbaitushum