BUGU HOTEL жаңы отелинде POS-терминал орнотулду

16.11.2016

Урматтуу кардарлар, бизде сиздер үчүн жагымдуу жаңылык бар: «Бай Түшүм» Банкы  Үмөталиев көчөсү, 98 дареги боюнча жайгашкан BUGU HOTEL жаңы отелинде  POS-терминал  орнотту. Эми отелдин тейлөөлөрү боюнча төлөмдөрдү   Visa жана «Элкарт» карталары менен төлөөгө болот.

BUGU HOTEL  лофт стилинде аткарылып, этно-декор элементтери камтылган өзгөчө жасалгасы менен айырмаланат.  Анда кыргыз маданиятынын колорити менен скандинавиялык жашоонун өзгөчөлүгү ийкемдүү айкалышып турат. Жайдары жана квалификациялуу персонал ар бир мейманды ачык маанай менен тосуп алууга жана аларды камкордукка алып, отелде болгон меймандарда жагымдуу таасирлер гана калышы үчүн бардык аракетти көрүүгө даяр!

Банкоматтардын жана POS-терминалдардын толук тизмеси менен Сиздер төмөнкү шилтеме боюнча тааныша аласыздар:   https://www.baitushum.kg/ru/atm/

12