Ашыкча төлөмдөрдөн жана чексиз комиссиялардан тажадыңызбы?

08.06.2023

Эми сиз “Бай Түшүм” банкындагы өз эсебиңизди толуктап же насыяңызды ойлонбостон төлөй аласыз!

Ал үчүн бул операцияларды Beeline терминалы же @balance_kg электрондук капчыгы аркылуу аткаруу керек, ошондо сиздин комиссияңыз 0% ды түзөт.

✅Капчык аркылуу картаны кантип толуктоо же насыяны төлөө керек:

🔹”balance.kg” тиркемесиндеги “Финансы” бөлүмүн ачыңыз.
🔹Картаны толуктоо же насыяны төлөөнү тандаңыз, андан кийин тизмеден “Бай Түшүм” Банкын тандаңыз.
🔹Телефон, капчык же карта аркылуу эсептин номерин, төлөмдүн суммасын жана балансын көрсөтүңүз.
🔹Төлөм дүмүрчөгүн галереяга оңой сактоого же мессенджерге жөнөтүүгө болот.

✅ Beeline терминалы аркылуу картаны кантип толуктоо же насыяны төлөө керек:

🔹”Финансылык кызматтар” бөлүмүн, андан кийин “Банктык кызматтар” жана “Банк Бай Түшүм” бөлүмдөрүн ачыңыз.
🔹”Картаны толуктоо” же “Насыяны төлөө” бөлүмүн тандаңыз.
🔹Эсептин номерин көрсөтүп, эсепти кабыл алуучуга каалаган сумманы киргизип, төлөңүз.
🔹 Төлөө боюнча дүмүрчөктү алыңыз.