Таластан Ыссык-Көлгө велосипед менен!

20.06.2019

Бул биздин кесиптешибиз, Бакай-Атадагы сактык кассабыздын жетекчиси Темирлан Конгайтиев. Учурдагы эмгек өргүүсүн ал өзгөчө өткөрүүнү чечип,  Таластан Ыссык-Көлгө велосипед менен жөнөдү. ?

Темирлан жашоонун ден соолукту чыңдоочу образынын күйөрманы, «Бай Түшүм» банкынын үстөл тенниси боюнча чемпиону жана эң мыкты үй-бүлөнүн ээси. Өзүнүн үч баласын спортко жан-дили менен үйрөтүп келе жатат.

Темирлан биздин командабызда 2012-жылдан бери иштейт. Банктык карьерасын насыялык адистиктен баштаган, ушул жылдын март айынан бери сактык кассаны жетектөөдө.

Сиз дагы өз карьераңызды банктын насыялык бөлүмүнөн баштасаңыз болот. Азыр Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Таласта, Караколдо жана Баткенде  сатуулар боюнча универсалдуу адистерге (насыялык адистер) вакансиялар бар.    Биздин командабыз өнүгүүдө, биз жаңы кесиптештерибизди көрүүгө дайыма кубанычтабыз. ?

Бардык кеңири маалыматты биздин сайттагы «Вакансиялар» бөлүмүнөн табууга болот: ➡https://www.baitushum.kg/ru/vacancy/,  ал эми резюмелерди каалаган кызматты көрсөтүү менен бул дарекке жөнөтүүгө болот: ➡baitushum@baitushum.kg.

Өлкөбүздүн эң ири банктарынын биринин командасына кошулуңуз!