Быйыл “Бай Түшүм” банкы BTB Games 2021 Спартакиадасынын үчүнчү жылын өткөрүп жатат!⁣⁣⠀

08.09.2021

Банктын бардык филиалдарынан 300дөн ашуун кызматкери Ысык-Көлдүн жээгине чогулуп, байгелүү орундар үчүн ат салышып, командалык дем менен көңүлдүү убакыт өткөрүштү.⁣⁣⠀⁣⁣⠀

Мелдеш төмөндөгү спорт түрлөрү арасында өткөрүлдү: футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, чуркоо жана сууда сүзүү.⁣⁣⠀⁣⁣⠀

Катышуучулар мыкты даярданышкан. Алар мелдеш үчүн кызуу даярдык көрүп, өз командаларына форма тигишти. Күйөрмандар катышуучуларды сүрөп, алар үчүн тынчсызданып, трибунадан жалындуу ырларын ырдап жатышты. Спартакиада аяктагандан соң,⠀каалоочулардын баардыгы таштандыларды чогултуу боюнча эко-акцияга катышты.⁣⁣⠀

Мыкты жана унутулгус үч күн үчүн баардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!⁣⁣⠀

Эми “Бай Түшүм” банкынын командасы жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн энергияга, эргигүүгө жана демге бай!