Тек алга!

06.10.2023

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт-маданият борборунун спорт залында 1-октябрда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча “Кыргызстандын банктарынын кубогу” турнири башталды

Турнирге 10 команда катышып, финал ушул дем алыш күндөрү өтөт.

Биздин банктын командасы учурдагы чемпион, андыктан кыздарыбыз өз наамын коргоого тийиш.

Мындай жетишкендикке жетүү үчүн алар талыкпай машыгууларды өткөрүп, көп күч жумшаганын билебиз.

Андыктан, биздин ажарлуу кыздарыбыз сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жалпы кесиптештерибиз менен бир муштумга түйүлүп сиздерди колдойбуз. Бул жылы да сөзсүз жеңишке жетесиздер!❤️