“Бай Түшүм” банкынын насыяларын эми “Кыргыз Почтасынын” бөлүмдөрү аркылуу төлөөгө мүмкүн.

06.07.2021

Почта аркылуу насыяларды төлөө кызматы⠀Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы, ошондой эле Кант шаарындагы почта бөлүмдөрүндө жеткиликтүү.⁣⁣⠀⠀

Жол-жобосу өтө жөнөкөй жана улуу муундагыларга үчүн да оорчулук жаратпайт. Анткени почта кызматкери банк менен кардардын ортосунда ортомчу болуп иштейт. Төлөмдү жүргүзүү үчүн паспортуңузду жана банкта автоматтык түрдө ачылган кредиттик эсеп номериңизди көрсөтүшүңүз керек. ⁣⁣⠀⠀

Кыргызстандын эң алыскы аймактарында дагы “Кыргыз почтасынын” филиалдары бар. Андыктан, бул кызмат аталган аймактардын жашоочуларына насыя төлөмдөрүн убагында жана көйгөйсүз жүргүзүүгө жардам берет.⁣⁣⠀

⁣⁣⠀

Насыя төлөмдөрүн өз убагында жана сиз үчүн ыңгайлуу болгон жол менен төлөңүз! ⁣⁣⠀

⁣⁣⠀

#кыргызпочтасы⁣⁣⠀

#bankbaitushum #btb