Кыргызстан жождорунун студенттери Азык-түлүк коопсуздугу жанафинансылык сабаттуулук боюнча жазышкан эң мыкты эсселери үчүн сыйланышты

22.12.2017

Бүгүн Кыргызстандык ЖОЖдордун экономикалык багыттагы 10 студенти БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы  жана «Бай Түшүм» Банкы тарабынан өткөрүлгөн азык-түлүк коопсуздугу жана финансылык сабаттуулук боюнча Эссе – Улуттук конкурстун жыйынтыгынын негизинде баалуу байгелерге жана сертификаттарга ээ болушту. КРнын Билим берүү жана илим Министрлигинде өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде конкурсту уюштуруучулар, Кыргызстандын улуттук экономикасына жана туруктуу өнүгүшүнө таасир берүүчү  калктын финансылык сабаттуулугу, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл-чарба багытын өнүктүрүү сыяктуу  негизги факторго жаш экономисттердин көңүлүн бурууну жана ушул багытта алардын түшүнүгүн кеңейтүүнү максат кылгандыктарын белгилешти.

«Экономисттердин келечек муундарына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн бир катар маселелерди чечүү милдети турат,- деп белгиледи БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын КРдагы өлкөлүк директорунун орун басары Кейко Изуши. – Ошондуктан биз үчүн жаш кыргызстандыктардан көп иштерди жана жаңы идеяларды алуу өтө жагымдуу болду. Келечектеги экономисттердин активдүүлүгүнүн аркасында Кыргызстандын өнүгүшү ийгиликтүү жана туруктуу болуп көрүнүүдө».

Кыргызстандын бардык аймактарынан конкур-эссеге 80ден ашуун студенттик иштер жөнөтүлгөн. Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын экономикалык адистиктеги жогорку курстарынын студенттери конкурстун катышуучуларынан болушту. Студенттер өз иштеринде азык-түлүк коопсуздугу, айыл аймактарынын өнүгүшү үчүн салынган инвестициялар жана фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүн кантип камсыздай ала тургандыгы жөнүндө өздөрүнүн идеяларын чагылдырышты. Мындан тышкары студенттер калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүү, балдарды жана жаштарды финансылык жактан тарбиялоо, жекече акча каражатын башкаруу жана айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү максатында билгичтик менен карыз алуу сыяктуу  маселелер  боюнча өздөрүнүн көз караштарын да жазып чыгышты.

Байге ээлери сыйлоо аземинин жүрүшүндө  Улуттук Банктын, Банктар Бирикмесинин, БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу Программасынын жана «Бай Түшүм» банкынын, КРнын билим берүү жана илим Министрлигинин, Эмгек жана  социалдык өнүктүрүү Министрлигинин   өкүлдөрүнүн алдында  өздөрүнүн идеяларын жана сунуштарын презентациядан өткөрүштү.

«Азыркы дүйнөдө финансылык жактан сабаттуу болуу  –  окуй жана жаза билүү сыяктуу эле өтө маанилүү нерсе. Бүгүнкү күндө бул маселенин маанилүү экендигин түшүнүү бардык деңгээлдерде өтө жогору экендиги кубандырат. Финансылык сабаттуулуктун төмөнкү деңгээли экономиканын өнүгүү процессине ар дайым тоскоолдук жаратат жана жыйынтыгында калктын жашоосунун  сапатына түздөн-түз таасир берет, – деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучу  Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович. –  Улуттук конкурс-эссени жарыялоо менен өзүбүздүн студент-экономисттерибиздин даярдык деңгээлдеринин жакшы экендигин билдик жана финансылык жактан сабатсыздыкты жеңүүгө байланышкан маселелер боюнча алардын практикалык идеялары бизге жакты жана бул биз үчүн кубанычтуу болду».

Конкурстун комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча эсселерде көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн актуалдуулугу жана социалдык маанилүүлүгү, берилген сунуштардын практикалык баалуулуктары жана аргументтүүлүгү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн катарына баш калаабыздын – КРСУ, КУУ,  КНАУ сыяктуу ЖОЖдорунун жана булардан тышкары Талас мамлекеттик Университетинин, Ош технологиялык Университетинин, Ыссык-Көл мамлекеттик Университетинин, Жалал-Абаддагы укук, бизнес жана билим  Академиясынын, Нарын мамлекеттик Университетинин жана Баткен гуманитардык-экономикалык колледжинин  студенттери чыгышты.   .

# # #

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы – бул жалпы дүйнөдөгү ачарчылык менен күрөшүп келе жаткан дүйнөлүк гуманитардык эң ири уюм, ал өзгөчө кырдаалдарда азык-түлүк жеткирүүчү, жергиликтүү коомчулук менен алардагы туруктуулукту бекемдөө жана тамактанууга байланыштуу жагдайларды жакшыртуу боюнча иш алып баруучу уюм. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы дүйнөнүн 80 мамлекетиндеги 80 млн. адамга жыл сайын жардам берип келүүдө.

«Бай Түшүм» Банкы –  жалпы активдеринин өлчөмү 6,95 млрд. сом жана 105 миңден ашуун кардары болгон Кыргыз Республикасындагы эң ири финансылык институттардын бири. Банктык лицензияны алган 5 жылдын аралыгында кредиттик куржуну боюнча 9-орунду жана активдери, депозиттери жана уставдык капиталы боюнча 10-орунду ээлөө менен Банк өлкөбүздөгү финансы-кредиттик уюмдардын биринчи ондугунун катарына кирди. «Бай Түшүм» Банкы кеңири филиалдык тармакка ээ болуу менен бүткүл өлкөбүз боюнча финансылык тейлөөнүн толук  спектерин көрсөтүп келе жатат жана Кыргыз Республикасынын калкын финансылык тейлөөгө тартууну тереңдетүүгө өз салымын кошууда.

Кыргыз Республикасында  БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн: Елизавета Залкиндге, (996-312) 660 033, кошумча номуру- 2430 же уюлдук – 0555 940 420 номуру боюнча жана elizabeth.zalkind@wfp.org дарегине кайрылсаңыздар болот.

«Бай Түшүм» Банкы жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн Евгения Шатуновага  тел.: (996-312) 905 803,  кошумча номуру- 1361, же уюлдук – 0555 520 014 номуру боюнча кайрылсаңыздар болот.