«Бай Түшүм» банкында эң сонун АКЦИЯ старт алды

17.08.2018

Биздин банктын ар кандай карталары менен төлөмдөрдү жүргүзүп, Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча – 2019 – Азия Чемпионатына жолдомо утуп алыңыз!⚽ Мындан тышкары көптөгөн башка да байгелер: Xiaomi Redmi 5 эң мыкты смартфондору жана бардык жерде, бардык учурда керектүү болгон пайдалуу пауэрбанктары коюлат.   ?

Акция 2018-жылы 15- августтан баштап, 15- декабрга чейин  өткөрүлөт.
Катышуу үчүн керек болгон нерсе, болгону – Кыргызстанда сатып алуулар жана тейлөөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүдө өзүңүздүн «Элкарт» же Visa карталарыңызды пайдалануу зарыл. Сиз жада калса коммуналдык төлөмдөрдү же Жол Көзөмөлдөө кызматынын айып салыктарын да өзүңүздүн «Бай Түшүм» банкынын карталары аркылуу төлөсөңүз, Сиз автоматтык түрдө Акциянын катышуучусу болуп каласыз!

А абдан жагымдуусу – Акциянын ар бир катышуучусу  карта боюнча Акциянын убагында жүргүзүлгөн бардык чыгым операцияларынын суммасынан 1% өлчөмүндө cashback алат.

Төлөмдөрдү «Бай Түшүм» карталары менен жүргүзүп, байгелерге ээ болуңуздар!

ы!