Баткен филиалынын кызматкерлери Баткендеги Банктар аллеясына тянь-шань карагайынын 6 көчөтүн отургузушту

11.04.2018

Жакында Баткен филиалындагы биздин кесиптештерибиз республикалык ишембиликке кошулушуп,  тянь-шань карагайынын 6 көчөтүн алып, аны Максүтов атындагы көчөнүн жээгине отургузушту. Шаардыктарды жылдын кайсы гана мезгили болбосун кубанта турган, дайыма жап-жашыл болуп туруучу карагайлардан  турган Банктар Аллеясын түзүү демилгеси  – жалпы демилге, аны баткендик он банктын жана финансылык уюмдардын кызматкерлери сунушташкан. Тянь-шань карагайынын көчөттөрү (жалпы алганда 30 жаш карагай) банктардын каражатына сатылып алынган, ал эми көчөттөрдү отургузууга жер тилкесин  Баткендин мериясы бөлүп берген. 

Көчөт отургузуу ишине шаардын вице-мери Мамасыдык Султанов, шаардык кеңештин депутаты Акылбек Орозов жана КРУБнын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору Акмал Раззаков катышышты.

Бул иш-чара Кыргызстандын биринчи экологиялык «Тоо токой/Горный лес»  форумуна арналган масштабдуу флешмобго кошулган дагы бир салым болду. Форум Бишкекте, келээрки ишемби күнү, 14-апрелде өтө тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

«Бай Түшүм» банкы бул чоң иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн бири катары чыгууда.