Банктын кызматкерлери Жеңиш Күнүнүн алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарын куттукташты

09.05.2018

Жеңиш Күнүнүн алдында, көп жылдардан бери калыптанып калган жакшы салт боюнча, банктын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун жалпы республика боюнча 196 ветеранына барып учурашып, аларды майрамы менен куттукташты. Фронтчулар тартууланган гүлдөргө да, азык-түлүк топтомуна да кубанышты, бирок аларды өзгөчө толкундантканы – атайын көңүл буруп, учурашуу болду. Ветерандардын ден соолуктарына байланыштуу белектер даректер боюнча тапшырылды.

Ал эми Талас шааарында согуштун ветерандары жана ооруктун эмгекчилери үчүн шаардын мэриясы алардын баардыгын ресторанга чакыруу менен Жеңиш Күнүн салтанаттуу майрамдоону уюштрушту. «Бай Түшүмдүн» Талас филиалы бул демилгеге кошулуп, салтанаттын себепкерлерине акчалай сыйлык тартуулашты. Бирок тилекке каршы жыл өткөн сайын ветерандардын саны азайып барат. Таласта бүгүнкү күндө согуштун 6 катышуучусу жана ооруктун 7 эмгекчиси бар. Биз алар менен  эмки жылы да аман-эсен көрүшүп, өз ыраазычылыгыбызды билдирүүнү каалайбыз.