«Бай Түшүм» банкынын кызматкерлери футбол боюнча достук кайрымдуулук матчына катышышты

16.10.2017

Өткөн ишемби күнү «Бай Түшүм» банкынын кызматкерлери  Эрнист Иманкулов жана Леонид Бараков бизнес ассоциациялары арасындагы футбол боюнча достук кайрымдуулук матчына катышышты.   Матч КРнын Өкмөтүнүн алдындагы  бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин  Секретариаты жана КРдагы Америкалык соода палатасы тарабынан уюштурулган.

Кайрымдуулук матчынын  алкагында чогулган каражат КРдагы Америкалык соода палатасы тарабынан аутизм менен жабырланган балдардын ата-энелеринин «Алакандагы кол»/ “Рука в руке” коомдук фондуна тапшырылды.