Азыр маркетплейстер аркылуу онлайн сатып алууларды жүргүзбөгөн адамдарды элестетүү кыйын, бирок онлайн сатып алуулар канчалык коопсуз?

05.09.2023

Сайтка өзүдүк маалыматты киргизүү менен биздин кардарлар коопсуздук жөнүндө кабатырланбаса болот, анткени “Бай Түшүм” Банкынын бардык VISA карталары уникалдуу 3D Secure технологиясы менен корголгон.

3D Secure товарды төлөөдө карта ээсинин телефонуна келген 3D Secure сырсөзүн киргизүү менен карта ээсинин кошумча идентификациясын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул сырсөз менен картанын ээси бул төлөмдү жасаган адам экенин тастыктайт. Интернеттеги ар бир операция үчүн динамикалык сырсөз түзүлөт. Бир жолку сырсөз телефонуңузга SMS аркылуу жөнөтүлөт.

3D Secure технологиясы төлөм карталарын колдонуу менен Интернетте алдамчылыктын деңгээлин бир топ төмөндөтө алат. Бул нерсе сизсиз эч ким онлайн төлөм жүргүзө албайт дегенди түшүндүрөт

“Бай Түшүм” менен коопсуз онлайн-сатып алууларды жүргүзүңүз!