Бүгүн дүйнө жүзү боюнча белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү!

31.10.2023

Бул күндүн башкы максаты – финансылык сабаттуулукту жогорулатуу.

27-октябрда биздин “Бай Түшүм” банкы майрамга карата иш-чаралардын алкагында мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Иш-чарага 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышты.
Банкоматтардын, кассалык аппараттардын, терминалдардын иштешин көрсөтүү менен банктын иши жөнүндө айтып бердик.
Финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган кызыктуу оюндар уюштурулуп, катышуучулар үчүн көптөгөн сыйлыктар жана тамактар уюштурулду.