Бүгүн ГУМда Банктын жаңы сактык кассасы эшигин ачты

14.06.2017

«Бай Түшүм» Банкынын жаңы офиси шаардын чок ортосунда жайгашкан эң ири соода борбору – ГУМдун биринчи кабатында жайгашты.  Соода борборуна келүүчүлөр жана ага жакын жайгашкан райондордун жашоочулары эми банктык тейлөөлөрдүн толук спектерин ала алышат: эсептерди ачууну жана тейлөөнү, аманаттарды,  VISA жана Элкарт карталарын ачууну, Кыргызстан же алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге акча которууларды жүргүзүүнү, ар кандай максаттар үчүн насыяларды алууну, валюталарды алмаштырууну жана банктык башка да тейлөөлөрдөн пайдалана алышат.

Биз кардарлар үчүн ыңгайлуу иштөө графигин койгонубузду да белгилеп койгубуз келет. Сиздерди биздин жаңы офисте дүйшөмбүдөн ишемби күндөрүнө чейин, саат 10:00дөн баштап, кечки 21:30га чейин, Чүй пр. 92 дареги боюнча күтөбүз.

Суроолор жаралып калган учурда (312) 31- 07- 46 телефон номуруна чалыңыздар.

_DSC0025_1