Биз бүгүн 17 жашка толдук!

20.10.2017

«Бай-Түшүм» финансылык рынокко 2000-жылы кичинекей финансылык фонд катары чыккан. Биз анан депозиттерди  тартуу боюнча лицензияга ээ болгон, бүткүл Кыргызстан боюнча филиалдары бар микрофинансылык компанияга өсүп жеттик. Биз дайыма өнүгүүнүн, өсүүнүн үстүндө болдук, акыры биз толук банктык лицензияга жана эл аралык өнөктөштөрдүн бараандуу тизмесине  ээ болгон универсалдуу банкка айландык. Бүгүнкү күндө бизге ишеним арткан кардарларыбыздын саны 105 миңден ашты жана суммардык активдердин өлчөмү 6,9 млрд. сомду түзүүдө.

«Бай Түшүм» банкы насыялык куржунунун көлөмү боюнча өлкөбүздөгү эң ири тогуз банктын  жана уставдык капиталы боюнча он банктын  бири болуп саналат. Биз Кардарларды коргоонун принциптерине дал келген эл аралык SMART сертификатына ээ болгон Кыргызстандагы эң биринчи банк боло алдык. Биз Социалдык ишмерчилик багытында ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти айкындаган  MixMarket глобалдуу платформасынын «Признание STAR» – таануусуна ээ болгон Кыргызстандагы эң алгачкы жана азырынча жападан-жалгыз Банк болуп турабыз.

17 жылдык эмгегибиздин аркасында биз көп-көп ийгиликтерге жетиштик, бирок биздин жеңиштер али алдыда!

Бүгүнкү туулган күнүбүздө Биз өзүбүздүн ар бир кардарыбызга жана өнөктөшүбүзгө «Бай Түшүм» банкын тандап алгандыктары үчүн ыраазылык билдиребиз. Сиздердин ишеним – биз үчүн эң зор баалуулук!