10- апрелден баштап жеке жактар үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирет

31.03.2017

Урматтуу кардарлар, бул маалыматты эсиңиздерге алууну өтүнөбүз–10-апрелден баштап, жеке жактар үчүн төмөнкү тейлөөлөр боюнча жаңы тарифтер күчүнө кирет:

–«Мобильник» ЖЧКсынын эсебин үчүнчү жактардын толтуруусу -25 сом;
–Талап боюнча алынуучу эсептен накталай эмес түрдө түшкөн акча каражатын улуттук валютада накталайга алмаштыруу  – 0,1% (пенсиядан, соц. жөлөк пулдан, насыядан тышкары)
– Банктын кассасы аркылуу карточкалык эсептеги каражатты накталайга алмаштыруу  – 0,1% (пенсиядан, соц. жөлөк пулдан, насыядан, айлык маяна долбоолорунан тышкары жана карта кайрадан чыгарылууда турган, келишим бүтүп же бузулуп жаткан, кардар картаны ала элек учурларды кошпогондо)

Суроолор пайда болгон учурда байланыш борборуна кайрылыңыздар: (312) 905 805.