Майрам күндөрү иштөө убактысы

08.07.2022

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 2022-жылдын 9-июль – Курман айт майрам күнү эс алуу күнү деп жарыяланган.

2022-жылдын 8-июлунда жумуш күнү 1 саатка кыскартылат.

Дем алыш күнү менен жумуш эмес майрамдын дал келишине байланыштуу, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат, б.а. 2022-жылдын 11-июлунда.

6 күндүк иш графиги бар кеңселер үчүн 11-июль жумуш күнү деп жарыяланат. Кеңселердин иш графиги менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыз: https://www.baitushum.kg/ru/branches/

Баарыңыздарды келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктап, сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык каалайбыз!