«Бай Түшүм» банкынын кызматкерлери жөнүндөгү жаңы рубриканын ачылышы тууралуу кубануу менен билдиребиз

26.02.2019

Биздин кесиптештерибиз жөнүндөгү маалыматтарды камтый турган жаңы рубриканы ачып жатабыз. Бул рубрикада кесиптештерибиз  биздин командага кантип келишендиктери, алар эмнени баалашат жана ким эмне менен алектенет деген сыяктуу маалыматтар камтылат.

Биздин бул рубрикабызды Жалал-Абад облусундагы Сузак сактык-кассасынын жаш адиси Бек Келдибеков менен ачабыз. Бек «Бай Түшүм» банкынын насыя бөлүмүндө, чекене продуктуларды сатуу боюнча адис катары 6 айдан бери иштеп келе жатат.

 «Менин ишим өзүмө абдан жагат. Мен «Финансы жана кредит» багыты боюнча Жогорку окуу жайын бүткөм, бирок банктардан иш таппагандыгыма байланыштуу эки жылга жакын «Газпромдун» май куюуучу жайларынын биринде иштеп жүрдүм. Анан социалдык тармактардан «Банкирдин мектеби» жана андагы акысыз окуу, окууну ийгиликтүү аяктасаң «Бай Түшүм» банкында ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу билип калдым. Ошол замат резюмемди жөнөттүм! Андан соң тесттерди тапшырып, маектешүүлөрдөн өттүм. Ошол учурдагы агымда түштүк тараптан жалгыз катышуучу мен болуп калгандыгыма байланыштуу, «Банкирдин мектебине» кирүү сыноолорун мен жашаган жерде уюштурушту. Бишкекке барып окуу керек болду, мен тобокелдикке бел байлап, «Газпромдогу» ишимди таштап, «Банкирдин мектебине» окуу үчүн жөнөдүм, бирок өзүмө -өзүм толук ишене албай, ишке орношуп калаарыма көзүм жетпей турган. Натыйжада баары ойдогудай болду. Өткөн жылдын август айынын аягында Сузактагы сактык кассада адис катары  ишке орношуп калдым. Окуп жүргөндө мен ушуну кыялданчу элем, мен туулган жеримден алыска кеткен жокмун жана өзүм каалаган ишке орноштум»,- дейт    Бек.

Бек келечектүү адис, эң сонун кесиптеш эле эмес, ошондой эле өтө активдүү, сезимтал адам экендигин да көрсөтө  алды. Ал эң биринчилерден болуп, «Айтматовдук окууларга» ➡   катышып, «Биринчи мугалим» повестинен алынган үзүндүнү жүрөккө жеткире, эң сонун добуш менен окуп берди.

Достор, эгерде  силер дагы экономикалык билим алып, банкта иштөөнү кааласаңар, анда биздин көпчүлүк филиалдарыбызда чекене продуктуларды сатуу боюнча жана универсалдуу адистер (насыялык адистер) вакансиялары бар экендигин билдиребиз.  Резюмелерди ➡baitushum@baitushum.kg дарегине жөнөтсөңөр болот, вакансиялар жөнүндөгү кеңири маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча алууга болот:     http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/.

 

очень душевно исполнив отрывок из повести «Первый учитель».

Друзья, если вы тоже получили экономическое образование и мечтаете о работе в банке, напомним, что во многих наших филиалах сейчас открыты вакансии специалистов по продажам розничных продуктов и универсальных специалистов по продажам (кредитные специалисты). Отправить резюме можно на адрес baitushum@baitushum.kg, а узнать больше о вакансиях по этой ссылке: http://www.baitushum.kg/ru/vacancy/.