2024-жылдын 3-апрелинен тартып «БАПБ» ЖАКтын тарабынан«Мир» карталарын тейлөөсүнүн убактылуу токтотулушу.

03.04.2024

Урматтуу кардарлар,

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКы «Национальная система платёжных карт» ААКнын чечимине ылайык, 2024-жылдын 3-апрелинен тартып «Мир» төлөм системасы менен өз ара эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү токтотуп жаткандыгын маалымдайбыз.

Ушундан улам, төмөнкү операциялар жеткиликсиз болуп калат:

1. «Элкарт» Улуттук төлөм системасынын катышуучуларынын перифериялык жана виртуалдык түзүлүштөрүндө «Мир» карталарын тейлөө
2. Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында «Элкарт NFC» карталарын тейлөө;
2. «Мир» картасынан «Элкарт» карталарына которуулар;

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында «Элкарт NFC» банк карталары бардык банктык түзмөктөрдө эч кандай чектөөсүз тейлөөнү улантат.

Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат!