Көз карандысыздык Күнүнө арналган «Бай Түшүм» велопарадына бардык каалоочуларды чакырабыз!

29.08.2017

 

31-августта Каракол шаарында спорттун жана шайдоот жашоонун 200дөн ашуун сүйүүчүлөрү шаардык эң ири веложүрүшкө чогулушат.    Стартка чыгуу  – Каракол шаарынын борбордук аянтынан башталмакчы. Бул веложүрүшкө катышууга жана баалуу байгелер үчүн жарышууга ар бир адам катыша алат! Байге фондусунда кызыктуу көп нерселер бар, мисалы жап-жаңы велосипедди да утуп алууга болот.

Катышуучуларды каттоо эртең мененки саат 8:30да башталат, ал эми старт 9:15ке белгиленген. Биздин велопарадка үй-бүлөңүздөр жана досторуңуздар менен келиңиздер,  Көз карандысыздыктын бул күнү жай мезгилинин шаңдуу аяктоосу да болуп калмакчы.

Суроолор пайда болсо, Караколдогу бул телефондор аркылуу жооп берүүгө даярбыз: (03922) 5-20-67, 0772 008 778.

велопарад