Баткен облусунун Баткен шаарында КРнын Көз карандысыздык Күнүнө арналган спорттук жарышка катышууга чакырабыз

29.08.2017

«Бай Түшүм» Банкынын Баткен филиалы жана Баткен облусунун Администрациясы шайдоот жашоонун бардык сүйүүчүлөрүн СПОРТТУК ЖАРЫШка катышууга чакырат. Спорттук жарыш КРнын Көз карандысыздык Күнүн майрамдоонун алкагында Баткен шаарындагы борбордук  көчөнүн ачылышынын урматына белгиленген.

Спорттук иш-чара шаардагы эң сонун, шаңдуу окуя болмокчу жана ага 300дөн ашуун адам катышат.

Абдан активдүү катышуучулар баалуу байгелердин ээси болушмакчы.

Иш-чаранын дареги жана датасы: Баткен шаары, 2017-жылдын 30-августу, башталышы –  10.00.