Компанияларды Биздин BTB Business кеңсебизге келүүгө чакырабыз

10.07.2019

Бир жыл мурун биз Киев көчөсү-210 дарегинде премиум форматтагы BTB Business жаңы кеңсебизди ачканбыз. Ал дүйшөмбү күндөн баштап, жума күнгө чейин, саат 09:00 баштап, 18:00 чейин, түшкү тыныгуусуз иштеп келе жатат жана бир жыл аралыгында корпоративдик кардарларды тейлөөчү сүйүктүү жайга айланды.

Бул жер өзгөчө бир ыңгайлуулуктун жана ишенимдүүлүктүн атмосферасына курчалган, сүйлөшүүлөр жана эс алуу үчүн ыңгайлуу аянтча бар, а эң башкысы    кеңсени премиум форматка чыгарган нерсе – бул юридикалык жактар менен иштешүүгө адистешкен  адистердин ынтымактуу жамааты, алар мындай кардарларга зарыл болгон банктык операциялардын бардык өзгөчөлүктөрүн мыкты билишет.

Эгерде сиздин компанияңызга чет элдик товар берүүчүлөр менен эсептешүүлөр үчүн эсеп, насыя, айлык маяна долбоору, банктык кепилдиктер, соода каржылоосу же  соода эквайринги тармагында кызматташуу керек болсо, же Сиз биздин өнөктөштүк тармагыбызга кошулууну жана өз товарларыңызды мөөнөтүн узартуу менен сатууну кааласаңыз анда BTB Business кеңсеси – кеп-кеңештерди алуу жана бардык документтерди каттоодон өткөрүү үчүн эң сонун жай.