Балдар сүрөтүнүн улуттук конкурсуна конкурстук иштерди кабыл алуунун мөөнөтү 24-мартка чейин узартылды

10.03.2017

6-«Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында жарыяланган Балдар сүрөтүнүн улуттук конкурсуна конкурстук иштерди кабыл алуу 24-мартка чейин узартылды. Конкурска 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алышат. Жеңүүчүлөрдү жаш курактары боюнча 3 топко бөлүп аныкташат. Мыкты аткарылган иштердин авторлорун 1 500 сомдон 5 000 сомго чейинки акчалай байгелер күтүп турат. Балдар сүрөтүнүн улуттук конкурсунун демөөрчүсү болуп «Бай Түшүм» банкы чыгып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Конкурска төмөнкү темалар боюнча аткарылган бир же бир нече сүрөттөрдү жиберүүгө болот:
✔ Акча деген эмне?
✔ Менин жекече бюджетим
✔ Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?
✔ Финансылык пландаштыруу жана сиздин жашооңуздагы сактоолук
✔ Сактоолукту кантип жүргүзүү керек жана акчаны кантип акыл-эстүүлүк менен пайдалануу керек?
✔ Мен чөнтөк акчамды туура башкара аламбы?
✔ Акча—эсепти сүйөт
✔ Акча сарптоодогу акылдуулук—жашоодогу ийгиликтин өбөлгөсү
✔ Сактоолуктан акча иштеп тап
✔ Окуу менен бирге акча иштеп табуу

Аткарылган иштерди 2017-жылдын 24-мартына, саат 17:00 кечиктирбестен, Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 дареги боюнча жөнөтүү керек. Өнүгүү саясаты институтунун офиси, телефондору: 0(312) 97-65-30 (31,32,33,34).

Сүрөттөрдүн улуттук конкурсу (GMW-2017) жөнүндөгү Жобо

poster global money week исходник 24