Балдар сүрөт ишин кабыл алуу 10 апрелдин 12:00 го чейин узартылат

08.04.2019

Биз көптөгөн сүрөт иштерин алып жатканыбызга байланыштуу жана бардык катышуучулар сүрөттөрүн жайгаштырууга жетишпегендиктен балдар сүрөт ишин кабыл алуу 10 апрелдин 12:00 го чейин узартылат.

Global Money Week – бул жылдык эл аралык кампания, максаты жаштардын каржылык сабатуулугун калыптандыруу жана өнүктүрүү.

Бул жылы Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы 8-12 апрелге чейин өтөт.

Сүрөт сынагына 7-17 жаш аралыгындагы балдар жана жаш жеткинчектер катыша алат.

Сүрөт иштери үч категория бөлөк-бөлөк бааланат:

? 1 категория – 7-10 жаш;

? 2 категория – 11-14 жаш;

? 3 категория – 15-17 жаш.

Ар бир категорияда 3 жеңүүчү болот:

? Биринчиликти алган катышуучу “Бай Түшүм” банкынан 6 000 сомго аманат ачууга сертификат алат.

? Жаш сүрөтчү, экинчиликти алган – 4 000 сомго сертификат алат.

? Үчүнчүлүктү алган катышуучу 2 500 сомго аманат ачуу сертификатына ээ болот.

Мындан тышкары жюрилер аныктаган катышуучуларга белектер жана номинациялар берилет.

Катышуу үчүн балаңыздын сүрөттүн сайтка жайгаштыруу керек➡ http://gmw.baitushum.kg/

Бул оңой эле иш: ⤵

  1. Сайтка киресиз: ➡ http://gmw.baitushum.kg/
  2. Катталасыз.
  3. Сүрөттүн сканерин (форматы А4 же A3) же jpeg, png форматтындагы сүрөттү жөнөтө аласыз. Жүктөлгөн файл 1 МБ ашпашы керек. Сканирдин өлчөмү жана сүрөттүн өлчөмү 2 000 рх ашпашы керек.
  4. Даяр!

Сынак жыйынтыгы Global Money Week-2019 жүрүшүндө аныкталат.

Сүрөт темасын балаңыз төмөнкүнүн бирин тандаса болот:

✔ Кыялга кантип акча чогултуу керек?

✔ Менин сактагандарым – менин мүмкүнчүлүктөрүм!

✔ Өз максаттарыма жетүүгө кантип акчаны сактоо керек?

✔ Кыялдарга кантип акча табуу керек?

✔ Каржылык жоболоо жана каржыларды сактоо.

✔ Тийимдүү жумшоо – өмүрдөгү жетишкендиктердин кепилдиги.

Суроолорго жооп беребиз: (0312) / (0770) 905 805.

#GMW2019