«Бай Түшүм» Банкынын Командасы шахмат боюнча  KPMG  Премьер-Лигасында мыкты оюн көрсөтүштү

15.02.2016

Бишкекте шахмат боюнча Кыргызстандын иштиктүү коомчулугунун компания-өкүлдөрү үчүн KPMG Премьер-Лиганын экинчи чемпионаты  болуп өттү. Тез ойнолуучу шахмат боюнча мелдеш Кыргызстандын шахмат Федерациясынын колдоосу алдында KPMG компаниясы тарабынан уюштурулду.

Мелдеш швейцариялык түзүм боюнча 7 тур менен жана айланма ыкмасы боюнча  Жогорку Лиганын жекече турнири боюнча болуп өттү. Командалык турнирде («Премьер лига») компаниялардын, ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин жана Кыргызстандын иштиктүү коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 20 команда катышышты. «Бай Түшүм» Банкынын Командасы байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту.

Мындан тышкары «Бай Түшүм» Банкынын кызматкери Канат Умаралиев биринчи тактада биринчи орунга ээ болду.

Эки жылдын ичинде чемпионат шахмат оюну боюнча тажрыйба алмашуунун жана Кыргызстандын иштиктүү коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган кызыктуу адамдар менен жолугушуп, пикир алышуунун эң мыкты аянтчасы болуп калды.

– Турнир KPMG компаниясынын демилгеси аркасында салтка айланып калды, биз бул компанияга спортко жана шахматка жакшы көңүл бургандыгы үчүн абдан ыраазыбыз. Биз Профессионалдарды Суперлигага бөлдүк жана алар өзүнчө ойношту. Банктардын оюнчуларынын арасында да тандоо өткөрүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул шахмат оюнун пропагандалоого жана аны популярдуулукка көтөрүүгө өбөлгө болмокчу. Федерациянын Кеңеши ушундай турнирлердин аркасында өз ишин кеңейте алат. Эл аралык категориядагы судья Дамил Токтогоновго өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Шахмат мелдешине катышышкан бардык оюнчулар турнирдин жүрүшүнө абдан ыраазы болушту, – деп айтты федерациянын президенти  Милан Турпанов.

– Биз шахмат боюнча Премьер-Лиганын экинчи чемпионатын уюштургандыгы үчүн   KPMG компаниясына ыраазылык билдиребиз. Ушул сыяктуу турнирлерди уюштуруу-кесиптештер менен жолугушуп, кеңири жагдайда ар кандай маселелерди талкуулоонун эң сонун мүмкүнчүлүгү да болуп эсептелет. Мындан тышкары шахмат- өзүн-өзү башкара билүүнүн жогорку деңгээлин жана стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылган интеллектуалдык оюн болуп эсептелет. Шахмат оюнунда жүрүштү ойлонуп жасоо, кандай кадамдар жасала тургандыгын алдын-ала  болжоо жана туура жооп бере билүү, биз үчүн–Финансы тармагында иштешкен өкүлдөр үчүн өтө маанилүү,- деп айтты «Бай Түшүм» Банкынын насыялык башкармалыгынын башчысы  Болот Калматов.

Тактама маалымат

KPMG – бул аудитордук, салык жана консультациялык тейлөөлөрдү көрсөтүүчү фирмалардын эл аралык тармагы. Дүйнөнүн 155 өлкөсүндө жайгашкан  KPMG офистеринде 174 000 кызматкер иштешет.  Кыргызстанда бул компания 10 жылдан ашуун мезгилден бери иштеп келе жатат.