«Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Ишенбаев КРдагы АКШнын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан AmCham Mentors Club долбоорунун ментору болду

12.03.2019

Долбоордун түзүүчүлөрү тарабынан FLEX (Future Leaders Exchange)* программасынын бүтүрүүчүлөрү – университеттердин жогорку курстарынын мыкты студенттери менен Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын  топ-менеджерлеринин ортосунда эффективдүү өз ара иштешүү жолу аркылуу жаш кадрлардын даярдыгынын сапатын жогорулатуу долбоордун негизги максаты болуп аныкталган. Долбоор 5 айдын аралыгында ишке ашырылат.

5- мартта Хаятт Ридженси Бишкек отелинде менторлор камкордукка алынгандар- программанын бүтүрүүчүлөрү менен таанышышты, өздөрү күтүшкөн жыйынтыктар боюнча пикир алышышты жана биринчи пландарды жана жолугушууларды белгилешти. AmCham Mentors Club ишинин жүрүшүндө катышуучу- FLEX программасынын мыкты бүтүрүүчүсү Айжаркын Кудайбергенова «Бай Түшүм» банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Ишенбаевдин жетекчилиги алдында насаатчылык программасынан жана финансылык жана банктык менеджмент багыттары боюнча «Бай Түшүм» банкында стажировкадан өтөт.