BTB тиркемесинде KWIKPAY аркылуу акча которууларды онлайн алыңыз

07.10.2026

«Бай-Тушум» Банкы кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү ишке киргизди — эми KWIKPAY системасы аркылуу келген акча которууларды банкка барбастан, онлайн алууга болот.

Которууну BTB мобилдик тиркемесинен жөнөтүүчү берген код аркылуу алууга болот. Каражат тандалган эсепке чегерилет.

Которууну кантип алууга болот?

  1. «Төлөмдөр жана которуулар» → «KWIKPAY которуулары» бөлүмүнө кириңиз.
  2. Жөнөтүүчү сизге берген которуу кодун киргизиңиз.
  3. Жөнөтүүчү билдирген которуунун суммасын киргизип, чегериле турган валютаны тандаңыз.
  4. Которуу тууралуу маалыматтарды текшериңиз.
  5. Каражат чегериле турган эсепти тандаңыз.
  6. Которууну алууну ырастаңыз.

Артыкчылыктары

  • которууну банкка барбастан онлайн алуу;
  • каражаттын заматта чегерилиши;
  • которууну код аркылуу ыңгайлуу алуу;
  • каражат чегериле турган валютаны тандоо мүмкүнчүлүгү.

BTB тиркемесин жаңыртып, KWIKPAY аркылуу акча которууларды онлайн — тез жана ыңгайлуу алыңыз!