Бардык Мобильник терминалдары аркылуу насыяларды төлөөгө болот

28.02.2017

«Бай Түшүм» Банкынан алынган насыяны төлөө үчүн ай сайын банкка баруунун кажети жок экендигин Сиз билесизби? Төлөмдөрдү бардык эле «Мобильник» терминалдары аркылуу жүргүзүүгө болот.

Терминалдар аркылуу биринчи жолу төлөмдөрдү жүргүзүүнү каалагандар үчүн кыскача көрсөтмөнү сунуш кылабыз:

  1. «Мобильник» терминалында  «Банктык тейлөөлөр» опциясын тандаңыз
  2. «Бай Түшүм» банкын тандаңыз
  3. «Насыяны төлөө» дегенди тандаңыз
  4. Сиз банктан алган эсептешүү номуруңузду териңиз,  (терип жаткан маалыматтардын туура экендигин тактаңыз)
  5. Терминалдын купюр салгычына керектүү сумманы салыңыз

Мына болгону ушул. Бул процесс  2 мүнөттөн ашпаган убактыңызды гана алат ?

«Мобильник» терминалдарынын картасы:  www.mobilnik.kg/#/map сайтында жайгаштырылган.

Рисунок21