«Акча маселеси –маанилүү маселе – 2018» Сүрөт Улуттук конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды

16.03.2018

Бишкекте 2018-жылдын 15-мартында Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасындагы билим берүүчү мекемелеринин 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларынын арасында, 2018-жылдын 8-февралынан 12-мартына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн сүрөт конкурсунун финалдык жыйынтыгын чыгарды. Конкурска жалпысынан  Кыргызстандын бардык жети облусунан 984 сүрөт иштери келип түшкөн. Конкурска  түшкөн иштерди түзүмүндө КРнын Улуттук Банкынын, Сүрөт Академиясынын, Эстетикалык тарбия Борборунун жана Өнүгүү саясаты Институтунун өкүлдөрү болушкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү карап чыгышты.   

Нарын жана Талас облустарынын балдарынан 14-мартта техникалык себептердин негизинде кошумча түрдө дагы 300 сүрөт келип түшкөндүгүнө байланыштуу, Уюштуруучулар тарабынан ар бир курак категориялары боюнча байгелик Фондду 1 орунга көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана аны Өнүгүү саясаты Институту каржылады.

Ошентип, Конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, Сүрөт улуттук Конкурсунун төмөндөгү жеңүүчүлөрү аныкталды:

 «7 жаштан 10 жашка чейинки балдар» тобу:

  • 1- орун – Эшманбетов Искандер, №29 ОМ окуучусу, 2-А класс
  • 2-орун – Ковалева Анастасия, №24 ОМ окуучусу
  • 3- орун – Туйтенов Руслан, №28 ОМ окуучусу
  • 3- шыктандыруучу орун – Болотбекова Айпери, «Билим Ордо» мектеп-комплекси, 3-Д класс

«11 жаштан 14 жашка чейинки балдар» тобу:

  • 1- орун – Динайым Калык, №5 ОМ
  • 2- орун – Ферулева Ульяна, №24 ОМ,
  • 3- орун – Костенко Анастасия, 11 жашта
  • 3- шыктандыруучу орун – Алмаз уулу Алай, №7 ОМ, 6-Б класс

«15 жаштан 17 жашка чейинки балдар» тобу

  • 1- орун – Морозов Георгий, №13 ОМ
  • 2- орун – Деревянко Анастасия, №70 Окуу тарбия комплекси, 16 жашта
  • 3-орун – Кадыркулова Аделя, Талас ш., 15 жашта
  • 3 шыктандыруучу орун – Замирбек уулу Дастан, К.Жакыпов атындагы №5 ОМ

«Акча маселеси – маанилүү маселе» Сүрөт Улуттук конкурсу «Global Money Week (GMW) 2018 – Кыргызстанда» жумалыгын өткөрүү боюнча Демилгечи топтун мүчөлөрү – Өнүгүү саясаты Институту жана ЖАК «Бай Түшүм» тарабынан уюштурулган.

2018- жылы Конкурс Улуттук валютанын 25 жылдыгына арналды жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу,  балдардын жана жаштардын көңүлүн акчаны башкара билүүгө окуунун, алдыга максат койо билүүнүн зарылдыгына, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгуу маселелерине буруу максатында өткөрүлдү. Конкурстун демөөрчүсү катары чыгышкан ЖАК «Бай Түшүм» банкы жана Өнүгүү саясаты Институту жеңүүчүлөргө ар бир жаш курагы категориялары боюнча акча сертификаттарын тапшырышты:

  • Биринчи орун – «Бай Түшүм» банкында 6 000 сом суммасында депозит ачууга сертификат,
  • Экинчи орун – «Бай Түшүм» банкында 4 000 сом суммасында депозит ачууга сертификат,
  • Үчүнчү орун – «Бай Түшүм» банкында 2 500 сом суммасында депозит ачууга сертификат,
  • Үчүнчү шыктандыруучу орун –Өнүгүү саясаты Институтунун 2000 сом суммасындагы сертификаты.

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) – эл аралык жыл сайын өтүүчү кампания, анын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн балдардын жана жаштардын  финансылык билим алуусуна жана финансылык сабаттуу болушуна буруу болуп саналат.

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы 12-марттан 18-мартка чейинки аралыкта болуп  өтөт. 2018-жылдагы жумалыктын темасы – «Акча маселеси –маанилүү маселе».