Реконструкциялоонун жана өнүгүүнүн Европалык Банкынын чакыруусу боюнча Кыргызстанга биздин банктын директорлор Кеңешинин мүчөсү, Bamboo Financeнин тобокелдик менеджери Кристиан Ремер келип кетти

17.10.2018

Кристиан Ремер учурдагы жүрүп жаткан иштерди талкуулоо боюнча «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгы менен жолугушту жана Бишкектин банкирлери үчүн «Тобокелдиктерди башкаруу» темасында  тренинг өткөрдү.  Кыргызстандын көптөгөн банктарынын топ-менеджерлери тренингдин угуучуларынан болушту, ал эми Кристиан Ремер`дин токтолгон темалары кеңири болду.

Ал  тобокелдиктерди  башкаруу, механизмдерди жана инструменттерди иштеп чыгуу, акыркы чыгарылган мыйзамдар тенденциясына жана аймактын учурдагы экономикалык көйгөйлөрүнө  байланыштуу келип чыгуучу чакырыктарга өз убагында реакция берүү  жөнүндө сүйлөдү, ошондой эле баардык банктардын ар күнкү ишинде  боло турган бир катар операциялык маселелерге да токтолду.

Ремер Мырзанын банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар, ал бүгүнкү күндө тобокелдиктерди  башкаруу, казначейлик жана банктарды, фонддорду жана микрофинансылык уюмдарды натыйжалуу башкаруу тармагындагы алдыңкы эксперт жана кеңешчи.  Кристиан Ремер муну менен катар эле «Бай Түшүм» банкынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү да болуп саналат.

https://www.baitushum.kg/ru/about/board-of-directors/