Россиядан «Бай-Тушум» Банкындагы эсепке акча которуу — эми телефон номери аркылуу

03.07.2026

«Бай-Тушум» ААК Банкы Россиядан акча которууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Эми кардарлар Sendy жана «Мир привилегий» мобилдик тиркемелери аркылуу өз эсептерине акчаны тез, ыңгайлуу жана коопсуз ала алышат.

Акча жөнөтүү үчүн жөнөтүүчү Кыргызстанга которуу кызматын тандап, алуучунун телефон номерин, которуунун суммасын жана «Бай-Тушум» Банкын көрсөтсө жетиштүү. Акча каражаты орус рубли менен жөнөтүлүп, автоматтык түрдө алуучунун «Бай-Тушум» Банкындагы эсебине кыргыз сому менен чегерилет.

Кызматтын негизги артыкчылыктары:

  • эсептин реквизиттерин көрсөтпөстөн, телефон номери аркылуу акча которуу мүмкүнчүлүгү;
  • каражат алуучунун эсебине түздөн-түз чегерилет;
  • алуучуга банк бөлүмүнө баруунун кереги жок;
  • которуу үчүн комиссияны жөнөтүүчү төлөйт.

Жаңы кызмат Россиядан Кыргызстанга акча которууну мурдагыдан да жөнөкөй жана ыңгайлуу кылып, жакындарыңызга каражатты тез жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бай-Тушум» Банкы кардарлары үчүн эл аралык акча которууларды дагы да тез, ишенимдүү жана коопсуз кылуу максатында заманбап санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүүнү улантууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн банктын 8899 байланыш борборуна чалып же «Бай-Тушум» Банкынын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.