«Бай Түшүм» Банкынан «Пенсионердин Картасы» төлөм картасын кантип алууга болот?

15.10.2016

«Бай-Түшүм» Банкы пенсионерлерге пенсияны алуу үчүн «Элкарт» төлөм картасын каттоодон өткөрүп алууну сунуш кылат.

Пенсиялык картанын артыкчылыктары:

  • АКЫСЫЗ чыгаруу
  • АКЫСЫЗ  жылдык тейлөө
  • Картадагы калдык акчага жылдык 5% АКЧА КАРАЖАТЫН ЧЕГЕРҮҮ
  • Банкоматтардан жана «Бай Түшүм» банкынын накталай акча берүүчү пунктарынан акча каражатын АКЫСЫЗ чыгарып алуу
  • Бүткүл Кыргызстан боюнча 2080ден ашуун банкоматтардан акча каражатын чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү
  •  Интернет-банкинг аркылуу бардык операцияларга on-line көзөмөлү.

«Бай Түшүм» Банкынан «Пенсионердин Картасы» төлөм картасын кантип алууга болот?

Банктын кайсы гана болбосун офисине кайрылып, паспортуңузду жана пенсиялык күбөлүктү көрсөтүү керек.

«Элкарт» төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө үчүн Арыз жазып, келишимди каттоодон өткөрүү зарыл.

Банктан каттоодон өткөн арызды жашаган жериңиз боюнча Социалдык фонддун бөлүмүнө өткөрүп коюу керек.

Байланыш борбору: (312) 905 805.