Жаңы сактык кассасы (№050-07-63) ачылды
28.04.2026
Урматтуу кардарлар!
Баткен филиалынын жаңы сактык кассасы ачылгандыгын маалымдайбыз. Дареги:
Жениш айылы (Халмион), Халмион-6 көчөсү, № 27а.
Жаңы касса кардарлар үчүн ыңгайлуу жана ыкчам тейлөөгө багытталган жана банктык кызматтардын толук спектрин сунуштайт.
Сактык кассанын иш тартиби:
Дүйшөмбү – Жума: 08:30–17:30
Түшкү тыныгуу: 12:00–13:00
Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү
Көрсөтүлүүчү кызматтар
- Astrasend, RIA, Western Union, «Золотая Корона», Sendy, BEST жана UPT системалары аркылуу акча которуулар
- Валюта алмаштыруу операциялары
- Эсептерди ачуу жана толуктоо (талап кылынганга чейин жана мөөнөттүү аманаттар)
- Филиалдар аралык которууларды жөнөтүү жана кабыл алуу
- SWIFT системасы аркылуу банктар аралык которуулар
- Банктык карталарды ачуу жана тейлөө
- Жеке жана юридикалык жактар үчүн пайдалуу шарттарда кредиттик продуктылар
Сиздерди жаңы сактык кассабызда көрүүгө кубанычта болобуз жана сапаттуу банктык кызмат көрсөтүүгө дайыма даярбыз!

