«Дордой Фуд» базарында жаңы сактык касса ачылды

14.05.2026

Урматтуу кардарлар!

Садыгалиев көчөсү, 7/10 дарегинде, «Дордой Фуд» базарындагы «Чүкө Парк» соода борборунда Филиалдын жаңы Сактык кассасы ачылгандыгын кубануу менен билдиребиз.

№050-0-60 «Дордой Фуд» сактык кассасы жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык кызматтардын толук спектрин сунуштайт.

Иштөө тартиби

Шейшемби – ишемби
🕘 Кардарларды тейлөө: 09:30–18:30 (түшкү тыныгуусуз)

Эс алуу күндөрү:
жекшемби, дүйшөмбү жана майрам күндөрү.

Жеке жактар үчүн

  • Astrasend, RIA, Sendy, BEST, UPT, Western Union жана «Золотая Корона» системалары аркылуу акча которуулар;
  • Валюта алмаштыруу операциялары;
  • Эсептерди ачуу жана толуктоо (талап боюнча жана мөөнөттүү депозиттер);
  • SWIFT системасы аркылуу банктар аралык которуулар;
  • Пластикалык карталарды ачуу жана тейлөө.

Юридикалык жактар үчүн

  • Эсептик-кассалык тейлөө;
  • Айлык акы долбоорлорун тейлөө.

Кредиттөө

  • Жеке жактар үчүн кредиттер;
  • Юридикалык жактар үчүн кредиттер.

Сиздерди жаңы «Дордой Фуд» сактык кассасында көрүүгө ар дайым кубанычтабыз!