Ыйык Орозо айт майрамынын урматына Компания кайрымдуулук жардамын көрсөттү

29.08.2012

Келе жаткан Орозо майрамынын урматына карата Компания шефке алган Киргшелк айылында жайгашкан «Келечек» балдар үйүнө бул жерде жашаган балдар үчүн шейшеп, жаздык тыштарды сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү менен,  кезектеги жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле балдар үйүнө Компаниянын кызматкерлери арасында  жардам чогултуу марафонун жарыялоо жолу менен  чогултулган китептер, музыкалык борбор жана башка буюмдар берилди.

Ыйык майрам алдында Компания  «Хабитат» жаңы турак жай конушундагы социалдык жактан начар үй-бүлөлөр үчүн  үйлөрдү куруп жаткан «Хабитат-Кыргызстан» фондунун волонтерлору үчүн түшкү тамак уюштурулду.   Үйлөрдү курууга «Женское строительство» долбоорунун алкагында АКШ, Улуу Британия жана Словакиядан келген волонтерлор катышууда.  Компаниянын атынан курулушка Бишкек филиалынын кызматкери катышкан.  Волонтерлор Компанияга жардам бергендиги үчүн, өзгөчө баардык мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында ушундай жакшы иштерди кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдиришти.

 Фонд жөнүндө: «Хабитат-Кыргызстан» Кыргызстанда турак-жай жакырчылыгын түп тамырынан жок кылуу максаты бар коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. 1999-жылдан баштап фонд тарабынан  Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы 5 000ден ашык үй-бүлө долбоор аркылуу тейленген. Фонд жаңы үйлөрдү куруп жана курулуп бүтпөгөн үйлөрдү куруп бүтүрүшүүдө, оңдоп-түзөшүп, кондоминиумдардын жашоочулары жана жергилликтүү коомчулук үчүн жашоо шарттарын жакшыртууда.