Орозо айт майрамынын урматына кайрымдуулук акция

08.08.2013

«Бай-Тушум жана Партнерлор» Банкы ыйык Орозо айт майрамынын алдында традициясы боюнча бүтүндөй республика боюнча кайрымдуулук акцияларын уюштурду.

7 балдар үйүнө, карылар үйлөрүнө, реабилитациялык борборлорго жана жакыр үй-бүлөлөргө жалпы суммасы 120 000 ашык сомго азык-түлүк, турмуш-тиричилик техникаларын, китептерди жана канцелярия товарларын сатып алып, аларга тапшырышты. Алардын арасында:

  • Шефке алынган «Келечек» Реабилитация борбору, Ысык-Ата району
  • Мүмкүндүгү чектелген адамдар үчүн Реабилитация борбору, Бишкек ш.
  • «Ак Бермет» үй-бүлөлөр тибиндеги балдар үйү, Жалал-Абад ш.
  • «Ак-Жол» Комплекстүү Реабилитация борбору, Жалал-Абад ш.
  • «Ирада» балдар үйү, Каракол ш.
  • «Каракол» балдар үйү, Каракол ш.
  • «Съюзен» балдар үйү, Кант ш.
  • Карылар жана майыптар үчүн Сүлүктү интернат-үйү, Сүлүктү ш.

Ошондой эле Банктын кызматкерлеринин арасында жардам чогултуу жөнүндө марафон жарыялоо жолу менен чегултулган буюмдар балдар үйлөрүнө берилди.

«Бай-Тушум жана Партнерлор» Банкы негизделген күндөн тартып мамлекет жана башка уюмдар тарабынан өтө аз колдоо алышкан, жардамга абдан муктаждарга жардам көрсөтүп келүүдө. Акыркы 4 жылдын ичинде эле Банк 2,1 млн.дон ашык сом суммада бүтүндөй Кыргызстан боюнча балдарга жана балдар мекемелерине кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.