Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн акциянын үчүнчү этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды
25.11.2026
Бай-Түшүм Банкы 2026-жылдын 14-августунан 15-декабрына чейин өткөрүп жаткан Россиядан акча которуулар боюнча акциянын үчүнчү этабы жыйынтыкталды.
2026-жылдын 16-октябрынан 15-ноябрына чейин өткөн үчүнчү этаптын жыйынтыгы боюнча Россиядан эң көп жалпы суммада акча которууларды алган үч жеңүүчү аныкталды:
🏆 1-орун — Садыков Н. К., Банктын Ош филиалына караштуу № 050-06-04 «Келечек» сактык кассасынын кардары — 50 000 сомдук акчалай сертификат.
🎉 2-орун — Минбаева Х. К., Банктын Жалал-Абад филиалына караштуу № 050-06-39 ЦУМ сактык кассасынын кардары — 30 000 сомдук акчалай сертификат.
👏 3-орун — Дангирова К. К., Банктын Жалал-Абад филиалынын кардары — 20 000 сомдук акчалай сертификат.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана Бай-Түшүм Банкын тандаган бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Акция уланууда! Алдыда акыркы этап жана дагы үч акчалай сыйлык бар.
📅 4-этап: 2026-жылдын 16-ноябрынан 15-декабрына чейин.
Россиядан акча которууларды Бай-Түшүм Банкынын бөлүмдөрүнөн же BTB мобилдик тиркемеси аркылуу SENDY, Astrasend, БЭСТ жана KWIKPAY эл аралык акча которуу системалары менен алыңыз жана акчалай сертификаттарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
Балким, кийинки жеңүүчү дал сиз болосуз!

