Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн акциянын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды
28.09.2026
Россиядан акча которуулар боюнча Бай-Түшүм Банкы тарабынан 2026-жылдын 14-августунан 15-декабрына чейин өткөрүлүп жаткан акциянын биринчи этабы жыйынтыкталды.
2026-жылдын 14-августунан 15-сентябрына чейин өткөн биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Россиядан эң көп суммада акча которууларды алган үч жеңүүчү аныкталды:
🏆 1-орун — Маликова М. М., Токмок шаары, № 050-01-13 сактык кассасынын кардары — 50 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сертификат
🎉 2-орун — Ыдырысов А. К., Бишкек шаары, ГОПУ филиалынын кардары — 30 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сертификат
👏 3-орун — Осмонбаев А. О., Манас шаары, Жалал-Абад филиалынын кардары — 20 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сертификат
Бирок акция уланууда! Алдыда дагы үч этап жана тогуз акчалай сыйлык бар.
📅 2-этап: 16-сентябрдан 15-октябрга чейин
📅 3-этап: 16-октябрдан 15-ноябрга чейин
📅 4-этап: 16-ноябрдан 15-декабрга чейин
Россиядан акча которууларды Бай-Түшүм Банкынын бөлүмдөрүнөн же BTB мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү акча которуу системаларынын жардамы менен алыңыз жана акцияга катышыңыз.
Кийинки жеңүүчү дал сиз болушуңуз мүмкүн!

